Жаңылыктар жана окуялар

24.10.2024

«Кара-Кыргыз автономиялуу  облусуна – 100 жыл»

2024-жылдын 23 октябрдында Адам университетинде  Кара-Кыргыз автономиялуу  облусунун   түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара    өткөрүлдү.  
Иш-чаранын  максаттары:    студенттерди азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө тарыхый роль ойногон  Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевдин өмүр баяны,саясий ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, Мекен алдындагы жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук сезимдерин ойготуу ,патриоттук духта тарбиялоо. 
Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу менен башталды.  
Кара-Кыргыз автономиялуу  облусунун   түзүлгөндүгүнун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага   И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  окутуучу Дүйшөналиева  Ж.А., жетектеген студенттердин тобу катышты.  
И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери  жана    окуу жайыбыздын 1 курстун студенттери  азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө көрүнүктүү инсандардын сиңирген эмгеги жана ролу жөнүндө даярдаган  кызыктуу презентацияларын көрсөтүп, доклад, реферат жана дубал газеталарын  даярдап келишти.
Иш -чаранын жыйынтыгында мыкты  презентация жана дубал газетасына конкурс өткөрүлүп, жеңүүүлөргө сертификаттар тапшырылды.
        1.Темуров Аскат ( КММА)
        2.Орозобекова Жазгүл (КММА)
        3.Аманалиева Милана(КММА)
        4.Алишерова А. (АУ)
        5.Насарбекова К(АУ)
        6. Каныбекова С.(АУ
Эң мыкты газетага сертификат ЛД-6-24 группасынын студенттерине тапшырылды. 
Адам университеттин профессору Эгембердиев Ш.Э., жана И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  окутуучусу Дүйшөналиева  Ж.А., өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүндө студенттерди  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы   менен куттуктап, аларга окууда ийгиликтерди каалады.                                                                 
Иш-чара ГДД окутуучуларынын, “Дарылоо иши” адистигин жана “ Экономика, менеджмент жана    туризм” программасынын    1-2 курстун студенттеринин күчтөрү менен өткөрүлдү.
                                                                         ГДД