Жаңылыктар жана окуялар

10.06.2025

2025-жылдын 14-15-майында АДАМ Университетинин Жогорку Медициналык Мектебинин 1, 2, 3 жана 5-курстарынын студенттери "STUDY WARRIORS" командасы менен медициналык ЖОЖдордун студенттери үчүн фундаменталдык жана морфологиялык дисциплиналар боюнча III

2025-жылдын 14-15-майында АДАМ Университетинин Жогорку Медициналык Мектебинин 1, 2, 3 жана 5-курстарынын студенттеринен турган «STUDY WARRIORS» командасы И.Ахунбаев атындагы КММАда өткөн медициналык ЖОЖдордун студенттери үчүн фундаменталдык жана морфологиялык дисциплиналар боюнча III Эл аралык олимпиадага катышты.
Олимпиаданын жүрүшүндө стуленттер жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларын бекемдеп, өздөрүнүн билимдерин, жөндөмдөрүн, жеке сапаттарын көрсөтүштү.
Олимпиада эки этаптан турду.
«Kahoot!» электрондук платформасынын жардамы менен блиц сурамжылоо.
Практикалык маселелерди чечүү.
Төмөнкү дисциплиналар боюнча биздин студенттер катышып, өздөрүн жогорку деңгээлде даярдыгын көрсөтүп, номинациялар боюнча дипломго ээ болушту:
1. Mustafa Imran –"Анатомия боюнча эксперт" номинациясы үчүн диплом
2. Suhaira Saadat Rathore- «Келечектеги илимпоз» номинациясы үчүн диплом
3. Abubakar Siddique- «Мыкты грамматик» номинациясы боюнча диплом
4. Waqas Ahmad- «Чыгармачыл жооп» номинациясы боюнча диплом
5. Ahmed Mehmood- "Медицинадагы эң мыкты маселелерди чечүү" номинациясы үчүн диплом
6. Falakh Sher- «Диагностика боюнча мыкты эксперт» номинациясы үчүн диплом
7. Maha Gul - «Терең билим» номинациясы боюнча диплом 
8. Banoth Mahendar- «Метаболизм чебери» номинациясы боюнча диплом
Олимпиаданын жыйынтыгы бизди өзүнүн натыйжасы менен кубандырат, командалык турда биздин университет экинчи орунду ээледи!
Студенттерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!