Жаңылыктар жана окуялар

18.10.2024

2024-жылдын 14-15-октябрында биздин университетибиз  Кыргыз- Россиялык билим берүү  форумуна катышты

 2024-жылдын 14-15-октябрында биздин университетибиз  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университетинин базасында өткөн Кыргыз- Россиялык билим  берүү форумуна катышты. Иш-чарага Россиянын жана Кыргызстандын билим берүү тармагынын алдыңкы эксперттери, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземине эки өлкөнүн маанилүү ишмерлери катышты.
Форумдун программасына бир нече тегерек столдор кирди, , анда тоо-кен илими, алдыңкы инженердик билим берүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана билим берүү процесстерине инновациялык технологияларды киргизүү өңдүү маанилүү темалар  талкууланды.
Форумдун алкагында окуучулардын жетишкендиктерин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн “Россиялык билим берүү” көргөзмөсү тартууланды.