Жаңылыктар жана окуялар

18.06.2024

2024-жылдын 14-июнунда “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун DEFA каржылык автономиясы” Эразмус+ долбоорунун катышуучуларынын жыйынтыктоочу жолугушуусу болуп өттү

Бул жыйынтыктоочу  жолугушууда Адам университетинин инновация жана өнүгүү боюнча проректору Н.Т. Суеркулова, тышкы байланыштар кафедрасынын башчысы Чоюбекова А.Ч., ага окутуучу Шаршеева А.Н.  болушту.
 Ошондой эле, Магдебург шаарындагы Отто фон Герик университетинин өнөктөштөрү ЖОЖдо Технопарк түзүү үчүн топтук бизнес оюнун өткөрүштү.
  Бул оюн жаңы көндүмдөрдү жеңил жана жеткиликтүү формада алууга мүмкүндүк берди,
андыктан катышуучулардын ар бири алган билимдерин өз университетинде практикада колдоно алышат.
 Координациялык кеңешме Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын катышуусунда өтүп, ал долбоордун максаттары
жана милдеттери менен таанышып, ошондой эле өзүнүн эксперттик пикири менен бөлүштү.
 Ушундай эле маанилүү учурлардын бири болуп ЖОЖдордо каржы
моделин талкуулоо, башкаруу кеңешинин отуруму жана координациялык кеңешме болду, бул долбоордун катышуучуларына аралык натыйжаларды талкуулоого жана анын негизинде мындан аркы иш планын мындан аркы иш планын түзүүгө мүмкүндүк берди.