Жаңылыктар жана окуялар

30.04.2025

2025-жылдын 19-апрелинде ADAM университетинин Жогорку медицина мектебинин2-курсунун студенттери «Жалпы  химия» (кандын биохимиясы жана физиологиясы) предмети боюнча Кант шаарындагы  С.Тентишев атындагы АзМИде өткөн ЖОЖдор аралык практикалык семинарга

Практикалык семинар таланттуу студенттерди аныктоо жана колдоо, ошондой эле студенттердин талдоо жана өз алдынча изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Семинарга төмөнкү университеттер катышты: ADAM университети, КММА, С.Тентишев атындагы АзМИ, Москва жогорку медициналык мектеби, Москва маданият университети, Салымбеков атындагы университети, Европа медициналык университети.
Биздин университеттен төмөнкү студенттер катышты:
Файзан Али, Ахмед Али, Банот Махендар, Ревати, Речал Поламури.
Семинардын катышуучуларына кандын клиникалык жана лабораториялык анализдери (кандын уюшунун көрсөткүчтөрү, гемолиз факторлору, , кандын физика-химиялык касиеттери) берилди. Командалар анализдерди интерпретациялашты, башкача айтканда, анализдин жыйынтыгы боюнча патологиялык процесстерди аныкташты.
Мындай тапшырмалар студенттердин тез реакциясын жана натыйжалуулугун өнүктүрөт, бул келечектеги дарыгерлер үчүн шашылыш кырдаалдарда чечим кабыл алууда абдан маанилүү. Студенттердин бул 
деңгээлдеги олимпиадаларга катышуусу алардын интеллектуалдык өсүшүнө жана илимий потенциалынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында окуучуларыбыз сертификаттарга ээ болушту!!!
Биздин студенттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз!