Жаңылыктар жана окуялар

20.11.2025

2025-жылдын 19-ноябрында Адам университетинин 1-2-курстарынын студенттери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Чыңгызхандын ак булуту" аттуу спектаклде болушт

2025-жылдын 19-ноябрында Адам университетинин 1-2-курстарынын студенттери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Чыңгызхандын ак булуту" аттуу спектаклде болушту. Спектакль көрүүчүлөргө улуу аскер башчынын тагдыры, бийликтин күчү жана адамдын руханий издөөсү тууралуу терең философиялык баянды тартуулады. 
Иш-чаранын максаты – Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын идеяларын түшүнүү аркылуу студенттердин адеп-ахлактык баалуулуктарын, тарыхый мураска жана кыргыз элинин маданий каада-салттарына болгон сый мамилесин калыптандырууга көмөктөшүү. Спектаклде көтөрүлгөн көркөм образдар жана социалдык-адептик маселелер аркылуу жоопкерчилик, гуманизм, толеранттуулук жана жарандык позиция сезимдерин өнүктүрүү.