Жаңылыктар жана окуялар

27.02.2026

21-февраль –Эл аралык эне тил күнү!

2026-жылдын 26-февралында Адам университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата  «Тил достуктун ачкычы» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты: дүйнө элдеринин тилдик жана маданий салттары менен тааныштыруу, сабырдуулукка жана диалогго негизделген  тилектештикти бекемдөө.
 Университетте 1-курстун студенттеринин  арасында эң мыкты  кереге гезиттерге сынак өткөрүлгөн. 
 «Экономика», «Менеджмент»,«Бизнести башкаруу»,«Туризм» багыттарынын жана  «Дарылоо иши» адистигинин студенттери «ЮНЕСКО -  Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген уюму», «Народы мира по языковым семьям и группам» жана «Знаете ли Вы? » мазмундуу презентацияларды даярдап, классикалык кыргыз күүлөрүн чеберчилик менен аткарып, эне тил жөнүндө акындардын ырларын көркөм окуп  беришти. Жогорку медицина мектебинин  GM-2- 23 (2)группасынын студенттери  Muhammad Yonas, Muhammad Musa Shafig,Bibi Jaweria жана  Imran Fatima  кыргыз тилинде  макал -лакаптарды  айтып  беришти, GM -3-23(2) группасынын студенти Polamuri Reshal  өзүнүн эне тили тууралуу презентацияны тартуулады.
  Иш-чараны өткөрүүдө  1- курстун Э-1-25, М-2-25 ,УБ- 3-25,Т-4-25, ЛД-6-25 группаларынын студенттери активдүү катышышты.