Жаңылыктар жана окуялар

30.05.2024

22-майда Математика жана табият илимдер департаментинде кызыктуу математикалык викторина болуп, ага бардык адистиктердин 1-курсунун студенттери катышты.

22-майда Математика жана табият илимдер департаментинде кызыктуу математикалык викторина болуп, ага бардык адистиктердин 1-курсунун студенттери катышты.


Жети адамдан турган үч команда логика, математикалык билим, тапкычтык жана эрудиция боюнча күч сынашты.
Студенттер татаал математикалык маселелерди чечүүдө мыкты чеберчиликтерин
көрсөтүштү.

Викторинанын соңунда билимин, активдүүлүгүн жана тапкычтыгын эң жогорку деңгээлде көрсөтө алган жеңүүчүлөргө белектер берилди.

Баардыгыңыздарга викторинага  активдүү катышканыздар  үчүн рахмат!