24.03.2026
2026-жылдын 23-мартында медицина факультетинин студенттеринин көптөн күткөн бүтүрүү кечеси болуп өттү!
Бул кече келечектеги дарыгерлердин жашоосундагы маанилүү этаптын — көп жылдык талыкпас эмгектин, уйкусуз түндөрдүн, практикалардын жана экзамендердин аяктаганынын символу болуп калды. Татаал, бирок абдан маанилүү окуу жылдары артта калып, алдыда жоопкерчиликке, ийгиликтерге жана жаңы бийиктиктерге толгон кесиптик жол турат.
Бүтүрүү кечеси жылуу, достук жана салтанаттуу маанайда өтүп, ар бир катышуучунун жүрөгүндө жаркын элестерди, жылмаюуларды жана чын жүрөктөн чыккан эмоцияларды калтырды.
Биз бүтүрүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз! Аларга өз максаттарына ишенимдүү кадам таштап, кесибинде чоң ийгиликтерге жетишин жана дарыгер деген ардактуу наамды бийик тутуп жүрүшүн каалайбыз!