Жаңылыктар жана окуялар

30.05.2024

2024-жылдын 27-майында Адам университетинин жатаканасында Индиядан келген студенттердин    жолугушуусу болуп өттү.

2024-жылдын 27-майында Адам университетинин жатаканасында Индиядан келген студенттердин    жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн экинчи катчысы Шри Сушмит В.Ананд, Жогорку медицина мектебинин деканы – Мамбетова Ч. А,  Эл аралык  кафедрасынын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эгембердиев А.Т, ошондой эле AUSM ассистенттери катышты.

Шри Сушмит В.Ананд мырза студенттердин ийгилигине жана университеттеги жалпы коопсуздук кырдаалына кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасында жүрүү эрежелери, жергиликтүү мыйзамдарды сактоо  керектиги эскертилди.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук кырдаалда өттү. Элчиликтин өкүлдөрү студенттердин окуу деңгээлине жана жашоо шарттарына канааттангандыгын билдиришти.

Адам университетинин жетекчилиги чет өлкөлүк студенттер менен өз ара аракеттенүүдөгү ийгиликтүү бүткөрүлгөн иши, өлкөлөр ортосундагы билим берүү жана маданий байланыштарды чыңдоого  кошкон салымы  үчүн жогору бааланды.