28.02.2026
2026-жылдын 28-февралында Адам университети өнөктөштөрү менен биргеликте А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында өткөн «Салттуу баалуулуктарды калыбына келтирүү»
2026-жылдын 28-февралында Адам университети өнөктөштөрү менен биргеликте А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында өткөн «Салттуу баалуулуктарды калыбына келтирүү» аттуу эл аралык конференциясын жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн уюштурду. Программа Кыргызстан, АКШ, Пакистан жана Россиядан келген эксперттердин башын бириктирди.
Иш-чаранын спикерлери:
• Г. Исаматова айым – КР Билим берүү жана илим министри;
• Профессор З. Курманов – Көчмөн элдердин тарыхы жана мурастары боюнча эксперт;
• К. Джонсон айым (АКШ) – Кайрымдуулук коомунун президенти;
• Д-р С. Имран (Пакистан) – Репродуктивдүү ден соолук боюнча адис;
• Т. Кукс мырза – Генеалогия боюнча FamilySearch эксперти;
• Д-р Такырбашев – CTR окуу программаларын иштеп чыгуучу;
• Т. Сарбугу айым – «Манас» эпосун изилдөөчү;
• Проф. К.В. Храмова (Уфа) – «Үй-бүлө таануу» боюнча эксперт;
• Тахир Салиев мырза – Изилдөөчү, Жибек Жолу экспедициясынын уюштуруучусу;
• Норма Пайпер айым (АКШ) – Көп муундуу үй-бүлөлөрдүн тарыхы боюнча эксперт;
• Корали Дреннан айым (АКШ) – Үй-бүлөлүк санжыра тарыхы боюнча баяндамачы;
• Д-р Абдрасулов – КУУнун «Бозжол» борборунун директору, көчмөн маданияты боюнча эксперт.
Катышуучулар үй-бүлөлүк баалуулуктарды билим берүүгө киргизүү жана санжыраны изилдөөдө заманбап IT-инструменттерди колдонууну талкуулашты. Ошондой эле конференциянын алкагында «Жамбы» көргөзмөсү өттү.