30.03.2026
2026-жылдын 30-мартында КР Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбордо» пландык кеңешме болуп өттү
Жолугушуу жогорку билим берүү чөйрөсүндө маалыматтык саясатты ишке ашыруунун актуалдуу маселелерине арналды.
Талкуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар козголду:
• Билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү маалыматтык күн тартибин калыптандыруу.
• Басма сөз кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын Министрлик менен өз ара аракеттенүү механизмдери.
• Жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн маалыматтык коштоонун ыкмаларын өркүндөтүү.
Бул иш-чарада биздин университеттин атынан Карьера борборунун PR-менеджери — Юнусмухамедова Лейла катышты. Жогорку окуу жайдын өкүлүнүн кеңешмеге катышуусу мекеменин негизги билим берүү жана инновациялык демилгелерин чагылдыруу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоого багытталган.