31.03.2026
2026-жылдын 31-мартында «Экономика, менеджмент жана туризм» жана «Маалыматтык системалар жана технологиялар» программаларынын 1-курсунун студенттери Мамлекеттик салык кызматында жана Ишкерлерди тейлөө борборунда окуу-таанышуу практикасынан өтүштү
2026-жылдын 31-мартында «Экономика, менеджмент жана туризм» жана «Маалыматтык системалар жана технологиялар» программаларынын 1-курсунун студенттери Мамлекеттик салык кызматында жана Ишкерлерди тейлөө борборунда окуу-таанышуу практикасынан өтүштү.
Практиканын жүрүшүндө студенттер уюмдардын ишмердүүлүгү, алардын түзүмү жана функциялары менен таанышышты, салыктык тескөөнүн негиздерин, ошондой эле бизнести каттоо жана ишкерлерге мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин үйрөнүштү.
Бул иш-чара кесиптик компетенцияларды калыптандырууга, теориялык билимдерди бышыктоого жана алгачкы практикалык көндүмдөрдү алууга өбөлгө түздү.
Кызыктуу экскурсия үчүн Түмөнбаева Эльмира Сагыналиевнага терең ыраазычылык билдиребиз!