Жаңылыктар жана окуялар

05.12.2025

4- декабрь - «Манас» эпосунун    күнү


2025-жылдын 4-декабрь күнү Адам университетинде   «Манас» эпосунун    күнүнө  арналган салтанаттуу иш-чара    өткөрүлдү.  
Иш-чаранын  максаты: «Манас» эпосун сюжетинин жана образдарынын негизинде студенттерди ата-бабалардын кылымдардын сыноосунан өткөн салттуу нарктуулугуна, атуулдук-жарандык маданиятка, мекенчил, патриоттук руханиятка тарбиялоо. 
Салтанатуу иш-чара   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталды. 
Адам университеттин “МТЖББ” программасынын жтекчиси Мураталиева В.Ж. өзүнүн куттуктоо сөзүндө  “Манас” эпосу “жарандык парздын, мекенчилдиктин, улуттук биримдиктин, мамлекеттин бүтүндүгүнүн чагылдырылган чыгарма”. Бул уникалдуу үчилтик кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын гана чагылдырбастан, дүйнөлүк маанидеги баа жеткис руханий мурас деп баса белгиледи.
 “ Экономика, Менеджмент, Бизнести башкаруу жана Туризм программасынын, “Дарылоо иши” адистигинин 1-2-курсунун студенттери, ошондой эле “Маалыматтык системалар жана технологиялар” багытынын студенттери «Манас» эпосу жана улуу манасчылар тууралуу кызыктуу жана мазмундуу викторина,
Презентацияларды даярдашты.   Т-4-25 группасынын студенти ШайыковаА. эпостон “Манастын бала чагы” үзүндүсүн көркөм окуду. 
 Иш-чарага университеттин “Экономика, Менеджмент, Бизнести башкаруу жана Туризм”  жана “МТЖББ” программасынын окутуучулар катышты.
Иш-чара “МТЖББ”  программасынын окутуучулары доц., Абдыкадырова М.Б ,ага окутуучу КубатбековаШ.К  жана 1-2-курстун студенттери тарабынан уюштурулду.