Жаңылыктар жана окуялар

06.03.2026

2026-жылдын 6-мартында Адам университетинин «Экономика» жана «Менеджмент»

2026-жылдын 6-мартында Адам университетинин «Экономика» жана «Менеджмент» багыттарынын 2-курсунун студенттери Кыргызстандын Эл аралык университети тарабынан уюштурулган «Санариптештирүү жана инновациялар шартында Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү: улуттук баалуулуктарды сактоо жана инсандын руханий-адеп-ахлактык потенциалын калыптандыруу» аттуу студенттик илимий-практикалык конференцияга катышышты.
Конференция үч секция боюнча өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ар кайсы жогорку окуу жайларынан 60тан ашык студент катышты. Катышуучулар илимий баяндамаларын сунуштап, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү, санариптик технологияларды ишке ашыруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Конференциянын жыйынтыгы:
•    II орун: «Менеджмент» багытынын студенттери Ташматов Нураман жана Зарылбекова Аяна илимий баяндамасы үчүн II даражадагы диплом менен сыйланышты.
•    Сертификаттар: Калган 7 катышуучуга активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.
Студенттердин илимий иштери «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын доценти, э.и.к. Н.Ж. Жумабекованын жетекчилиги астында даярдалган. Жумабекова Н.Ж. да илимий жетекчи катары атайын сертификат менен сыйланды.
Мындай илимий иш-чаралар студенттердин изилдөөчүлүк жөндөмүн өнүктүрүүгө, илимий ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана келечектеги адистердин интеллектуалдык потенциалын жана жигердүү жарандык позициясын тарбиялоого чоң салым кошот.