15.12.2025
Ч.Айтматов-кылымдын залкар жазуучусу
2025-жылдын 12-декабрында Адам университетинде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара өткөрүлдү!
Иш-чарабыздын максаты: студенттердин Ч.Айтматовдун чыгармалары тууралуу билимдерин тереңдетүү, Ата-Мекенге, туулуп-өскөн жерге болгон патриоттук сезимдерин тарбиялоо!
Университеттин окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Жамангулов А.А. куттуктоо сөзүндө Чыңгыз Айтматов чыгармалары менен улуттук адабияттын чегинен чыгып, дүйнөгө таанылган гений. Жазуучу трагедиялуу жагдайларды чагылдырган учурда да оптимисттик көз карашын сактайт — ал мезгилдин сыноолорунда ар дайым туура багытын таба турган жашоого ишенет деп белгиледи.
Биринчи курсунун “Дарылоо иши” дистигинин,”Экономика”,”Менеджмент”, “Бизнести башкаруу”,”Туризм”жана “Маалыматтык технологиялар” багыттарынын студенттери иш-чараны өткөрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылышты. Алар жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылык жолу тууралуу кызыктуу презентацияларды даярдашты, чыгармалары боюнча викторина өткөрүп, сүйүктүү чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, сүйүү, адам жан дүйнөсүнүн сулуулугу тууралуу ырларды аткарышты.Жогорку медицина мектебинин студенттери MuhammadShafig, Jokhio Anmol, Tarig Ayesha и Muhammad Younas Ч.Айтматов тууралуу ырларды көркөм окуп беришти.
Иш-чарага университеттин окуу жана тарбия иштери боюнча проректору А. Жамангулов, “МТЖББ”программасынын башчысы В.Ж. Мураталиева, программалардын окутуучулары жана ЖогоркуМедицина Мектебинин студенттери чакырылган
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чараны “МТЖББ”программасынын окутуучуулары даярдашты. Иш-чаранын активдүү катышуучуларына ыраазычылык каттары тапшырылды.