Жаңылыктар жана окуялар

25.04.2025

Адам университетинде Латын тили күнү!

2025-жылдын 25-апрелинде Адам университетининде Латын тили күнү өттү!
Иш-чарага «Дарылоо иши» адистигинин ЛД-6-24, ЛД-7-24 жана ЛД-8-24 тайпаларынын студенттери катышты. 
Иш - чара Гуманитардык дисципланалар департаментинин доценти И.А.Ибраеванын жетекчилиги  менен уюштурулуп,  студенттерди медицинанын классикалык тили болгон латын тилин билүүгө, сүйүүгө жана урматтоого багытталды.
Студенттер "Gaudeamus" студенттик гимнин мыкты аткарышып, иш-чараны майрамдык шаңга бөлөдү.
Ар бир студент терең маанидеги, азыркы күнгө чейин медициналык практикада айтылып келген, латын афоризмдери боюнча билимдерин көрсөтүштү.
Заманбап медицинадагы латын тилинин актуалдуулугун ачып берген эң кызыктуу медициналык темалар боюнча презентациялар баяндалды.
Университеттин жетекчилиги студенттерге жана окутуучуга иш-чарага жогорку деңгээлде даярдангандыгы жана чыгармачылык менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди!
Live Latina! — Латын тили жашайт!