03.05.2025
Морфологиялык дисциплиналар департаменти!
2025-жылдын 22-апрелинде ADAM университетинин Жогорку Медицина мектебинин 1-курсунун студенттери Кант шаарындагы С.Тентишев атындагы АМИ өткөн“Медицинанын табигый жана гуманитардык аспектилери” деген темадагы
Эл аралык интеграциялык олимпиадага катышышты.
Олимпиада таланттуу студенттерди аныктоого жана колдоо, ошондой эле табият таануу жана гуманитардык илимдер жаатындагы билимди жайылтуу максатында уюштурулуп, көз карашын кеңейтүүгө, инсанды өнүктүрүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө чыгармачыл мамиле жасоого багытталган.
Окуу жайыбыздан 2 студент химия сабагы боюнча олимпиадага катышып, сертификатка ээ болушту, ошондой эле 9 ЖОЖдун ичинен биздин студенттер 3- орунга ээ болуп, Кубокко ээ болушкандыгын белгилей кетүү керек.
1. Sravya kallapalli - Gm-1-24(1)
2. Pavani Korra - Gm-1-24(1)
Биздин студенттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз!




