Жаңылыктар жана окуялар

30.10.2024

Адам университетинин доценти Домашов Илья Анатольевич 2024-жылдын 21-октябрынан 3-ноябрына чейин Колумбиянын Кали шаарында өтүп жаткан Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциянын (COP16 CBD) тараптарынын 16-конференциясына катышууда

 Жолугушууда Кунмин-Монреал биологиялык ар түрдүүлүктүн глобалдык негиздерин ишке ашыруу,  аны ишке ашыруунун индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү, экосистемалык мамиле жана “Бир ден-соолук” концепциясынын CBD/COP/DEC/15/23 алкагында биоартүрдүүлүк менен ден соолуктун ортосундагы байланыш сыяктуу маанилүү темалар талкууланат.
Адам университетинин эл аралык аренага катышуусу анын Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө жана жаратылышты коргоого кошкон салымын баса белгилейт. Илимий изилдөөлөрдүн мааниси жана университеттин глобалдык экосистеманы сактоо демилгелерине катышуусу регион жана дүйнө үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат.
Конференцияга катышуу мүмкүнчүлүгү Борбордук Азиядагы Global Greengrants Фондунун жана Адам Университетинин чакан гранттар программасынын колдоосунун аркасында болду.