17.05.2024
Адам университетинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата илимий-студенттик конференция болуп өттү
2024-жылдын 17-майында Адам университетинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата илимий-студенттик конференция болуп өттү. Конференциянын алкагында студенттер тарабынан ар кандай форматтагы: рефераттар, эссе, презентациялар, буклеттер, дубал гезиттер жана документалдуу тасмалардын топтому ж.б. даярдыктар жасалды. Конференциянын 1-бөлүмүндө Кара-Кыргыз облусунун түзүлүү тарыхы, 2-бөлүмүндө азыркы Кыргызстан: "Дүйнөлүк санариптештирүү жана Кыргызстан", "Кыргызстан -медицина тармагындагы жетишкендиктер" тууралуу баяндамалар жасалып, презентациялар көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын тарых институтунун улук илимий кызматкери жана Ж.Баласагын атындагы КМУнун Кыргызстан тарыхы жана регион таануу кафедрасынын мугалими Арзыгулова Суракан катышып, көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен ой болушту.