Жаңылыктар жана окуялар

05.12.2024

“Манас” эпосу –кыргыз элинин руханий байлыгы.

“Манас” эпосу –кыргыз элинин руханий байлыгы.
2024- жылдын 5 декабрында Адам университетинин 1 курсунун “Экономика”,”Менеджмент”, “Бизнести башкаруу”,”Туризм” жана”Маалыматтык системалар  жана технологиялар” багыттарынын студенттери“Манас” эпосу –кыргыз элинин руханий байлыгы” тема боюнча  тегерек стол өткөрүштү. Иш-чара  “Манас” эпосу күнүнө карата өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты: кыргыз элинин руханий байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтуу,идеологиялык багытын, маанисин, ордун белгилөө.
Студенттер кызыктуу презентацияларын тартуулап  жана”Манас” эпосунан үзүндүлөрдү көркөм окуп беришти.
”Менеджмент”, “Бизнести башкаруу” “Экономика”,”Туризм” жана”Маалыматтык системалар  жана технологиялар” багытынын студенттери “ Манастын төрөлүшү” жана “Манастын бала  чагы” боюнча  даярдашкан флешмобдорун тартуулашты. Ошондой эле ЛД-6-24 группасын студенттери окуу жайыбыздын студенттеринен алган интервьюсун көрсөтүштү.
Тегерек столдун катышуучулары эпостун  кыргыз элинин турмушундагы мааниси ,белгилүү манасчылар   жөнүндө  өздөрүрүнүн ойлорун айтып, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү.