19.02.2026
Медициналык ЖОЖдордун студенттери арасында гуманитардык дисциплиналар боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада
2026-жылдын 19-февралында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн медициналык ЖОЖдордун студенттери арасындагы I ЖОЖдор аралык гуманитардык олимпиадага ЛД-6-25 тайпасынын 1-курсунун студенттери — Муктарбекова Гүлназик, Исаматова Шоола, Сыргакова Арууке, Мадмарова Зарина жана Мадинова Сабина катышышты.
Бул олимпиада Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы «2022-2027-жылдарга улуттук салттарды сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык, «Улуттук нарк — дүйнөлүк бийиктик» программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Адам университетинин «VitaMed» командасы үй тапшырмасы катары биздин окуу жайды динамикалуу өнүгүп жаткан заманбап билим берүү мекемеси катары тааныткан мазмундуу видеоролик даярдап, университет боюнча виртуалдык экскурсия өткөрүштү.
Студенттер төмөнкү дисциплиналар боюнча секцияларга катышышты:
• Кыргыз тили: Сыргакова Арууке
• Философия: Мадинова Сабина
• Орус тили: Муктарбекова Гүлназик
• Кыргызстан тарыхы: Мадмарова Зарина
• Англис тили: Исаматова Шоола
Конкурстук тапшырмалар теориялык суроолорду жана ар бир дисциплина боюнча кырдаалдык маселелерди чечүүнү камтыды. Калыстар тобунун чечими менен Сыргакова Арууке «Кыргыз тили» дисциплинасы боюнча III даражадагы диплом менен сыйланды. «VitaMed» командасынын бардык мүчөлөрүнө активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.
Студенттерибизди ийгилиги менен куттуктайбыз!