Жаңылыктар жана окуялар

11.10.2025

Активдүү жана максаттуу студенттер үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

Конрад Аденауэр атындагы фонд (KAS) Sur Place 2025 стипендиялык программасына тандоо башталганын жарыялайт. 
Арыздарды кабыл алуу 1-октябрда башталып, 15-декабрга чейин уланат. 
Төмөнкүлөр катыша алат: 
- Бакалавриаттын 3-4-курстарынын студенттери
- Магистратуранын 1–2-курстарынын студенттери 
Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди даярдоо зарыл: 
1.    Талапкердин толтурулган анкетасы
- актуалдуу сүрөт чапталган (3×4 см)   
- Немец же англис тилдеринде гана толтурулат.
2. Кыскача маалымат 
- таблица түрүндө
- орус тилинде 
3. Мотивациялык кат 
- окуунун максаттарын жана келечекке пландарды кыскача баяндоо 
- 1 барактан ашпасын 
4. Билим берүү жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү: 
• орто билим жөнүндө аттестат, немис же англис тилине которулган 
• зачеттук китепченин көчүрмөсү котормосу менен 
• (магистранттар үчүн) жогорку билим жөнүндө дипломдун тиркемеси менен көчүрмөсү жана котормосу
5. Окуу жайынан маалым кат 
- түп нускасы, орус тилинде 
6. Сунуштама кат 
- жогорку окуу жайдын окутуучусунан 
- орус тилинде, немис же англис тилдерине которулган 
- окутуучунун байланыш маалыматтарын (телефон жана электрондук почта) көрсөтүү зарыл 
- катта талапкердин окуу, коомдук же социалдык ишмердүүлүккө катышуусуна баа берилиши керек. 
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү - 2025-жылдын 15-декабры. 
Бардык суроолор боюнча тышкы байланыштар бөлүмүнө, 319-кабинетке кайрылыңыз.