Жаңылыктар жана окуялар

27.11.2024

Поэзиянын керемет дүйнөсү!

2024-жылдын 27-ноябрында Адам университетинин  “Дарылоо иши” адистигинин 
ЛД-6-24, ЛД-7-24 жана ЛД-8-24   группаларынын студенттери “Поэзиянын керемет дүйнөсү! ” аттуу адабий-поэтикалык кече өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты: улуттук маданияттарды өнүктүрүүдө жана байытууда орус тилинин ролуна жана  орус адабиятынын классиктеринин юбилейлерине арналган пландуу   
иш-чараларды өткөрүү.
Биринчи курстун студенттери Михаил Юрьевич Лермонтовдун туулган күнүнүн 210 жылдыгына арналган иш-чарада  «Лермонтовдун поэзиясындагы сүйүү темасы»,«М. Ю Лермонтов — колунда калеми бар козголоңчу!» аттуу акындын өмүр жолуна  жана чыгармачылыгына арналган презентацияларды тартуулашты.
Улуу акындын эң белгилүү жана жүрөктөн чыккан  «Родина», «Утес», «Парус», «Выхожу один я на дорогу» ,« И скучно и грустно..», «Я жить хочу..» аттуу ырларын  студенттердин көркөм окуулары иш-чаранын кульминациясы болду.
Орустун улуу акыны, прозаиги жана драматургунун чыгармалары менен  таанышуу студенттердин граждандык парз, эркиндик жана адилеттүүлүк, мекенге болгон сүйүү сезимине толгон  Лермонтовдун поэзиясына болгон кызыгууларын арттырды.
Адабий-поэтикалык кечеге  ДГДнын окутуучулары жана«Дарылоо иши» адистигинин студенттери чакырылган.
ДГД