18.04.2025
Жаштар арасында кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү
Гуманитардык дисциплиналар департаментинин жаштар арасында кесипке багыт берүү боюнча иш планына ылайык, 2025-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин районундагы №50 орто мектебинде кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлдү.
11-класстын окуучулары менен болгон жолугушууда «Туура тандалган кесип — азыркы турмуштун талабы!» деген темада талкуу болду.
“Дарылоо иши”адистигинин, “Маалыматтык системалар жана технологияр”
жана “Бизнести башкаруу” багыттарынын студенттери Адам университетин заманбап билим берүү мекемеси катары көрсөтүү менен окуу жайдын программалары, адистиктери жана жетишкендиктери тууралуу даярдаган мазмундуу жана кызыктуу презентациялары тартуулашты.
Кесиптик багыт берүү ишинин максаты студенттерге кесип тандоосуна жардам берүү болуп саналат. Жолугушуу учурунда окуучулар студенттердин мобилдүүлүгү, университеттеги студенттик жашоо, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары тууралуу суроолорду беришти.
ГДД







