17.10.2025
Германиянын депутаттары жана Конрад Аденауэр атындагы фонддун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу
2025-жылдын 17-октябрында Университетте Ландтага Саксония жеринин (Германия) депутаттары жана Конрад Аденауэр атындагы фонддун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:
Том Унгер, Элайне Йенч, Тина Тромптер - Ландтага Саксония жеринин депутаттары;
Андре Алгермиссен - Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү;
Ашраф Аликулов - Конрад Аденауэр атындагы фонддун өкүлү (Ташкент ш.);
Университет тарабынан: Светлана Сирмбард, Азат Жамангулов, Нуркыз Суеркулова, Чынара Аманбаева, Айчүрөк Маматова.
Жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Германиядагы билим берүү, кесиптик даярдоо жана медициналык билим берүү системасын өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Коноктор өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү процессин уюштуруунун принциптери, окуу жайларынын ишканалар менен өз ара аракеттенүүсү жана Германияда медициналык тармакта кадрларды даярдоо кандайча жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.