31.10.2024
Адам университетинин ректору Светлана Рустамовна Сирмбард 2024- жылдын 30-октябрында КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Эразмус+ кеңсеси тарабынан уюштурулган семинарда баяндама жасады.
Адам университетинин ректору Светлана Рустамовна Сирмбард 30-октябрда КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Эразмус+ кеңсеси тарабынан уюштурулган семинарда баяндама жасады.
Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы улуттук квалификациялык системанын жана заманбап билим берүү стандарттарынын маселелерине токтолду.
Семинар кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мазмунун
жана алардын эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин талкуулоого арналды.
Иш-чарага ошондой эле Адам университетинин проректору - Жамангулов А.А. жана окуу
бөлүмүнүн башчысы Бообекова Г.А. катышышты.
National Erasmus+ Office in Kyrgyzstan - КР улуттук Эразмус кеңсеси.
#Семинар2024 #УниверситетАдам #ОбразованиеКР #РынокТруда #НациональнаяСистемаКвалификаций #Кыргызстан