26.05.2025
2025-жылдын 19-майынан 23-майына чейин хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор Конокбай Мурасбек Конокбаевич Аристотель университетинде (Салоники, Греция) окутуучулар үчүн академиялык алмашуу программасына катышты
2025-жылдын 19-майынан 23-майына чейин Хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор Конокбай Мурасбек Конокбаевич Эразмус+ Эл аралык кредиттик мобилдүүлүк боюнча окутуу программасынын алкагында Аристотель университетинде (Салоники, Греция) окутуучулар үчүн академиялык алмашуу программасына катышты. Сапардын алкагында профессор актуалдуу темалар боюнча бир катар лекцияларды окуду:
– «Токсикология: айыл чарбадагы пестициддер жана фосфат органикалык уулануу. Клиникалык көрүнүш жана дарылоо»;
– “Этанол, метанол жана этиленгликол менен уулануу: клиникалык көрүнүштөрү жана терапиясы”;
– «Эхинококкоз жана альвеококкоз айыл чарбадагы хирургиялык оорулар катары: диагностикасы, клиникалык көрүнүшү жана дарылоо ыкмалары».
Мындан тышкары профессор Адам университетинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен бөлүшүп, университеттин ишмердүүлүгү тууралуу мазмундуу презентациясын тартуулады. Иш сапардын жүрүшүндө профессор Аристотель университетинин адистери менен узак мөөнөттүү кызматташуунун келечегин талкуулады.





