05.06.2025
Бүгүн, 2025-жылдын 29-майында, Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунун (KIT-FORUM 2025) иш-чарасына Адам университетинин студенттеринен турган делегация — УБ-23 жана М-23 топторунун өкүлдөрү катышууда
Бүгүн, 2025-жылдын 29-майында, Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунун (KIT-FORUM 2025) иш-чарасына Адам университетинин студенттеринин делегациясы «Маалыматтык технологиялар менеджментте, бизнести башкарууда жана туризмде» дисциплинасы боюнча билим алып жатышкан УБ-23 жана М-23 топторунун өкүлдөрү катышууда.
Форум салтанаттуу ачылыш аземи жана КРнын санариптик өнүктүрүү министринин, эл аралык уюмдардын жана IT-тармагынын өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жасалма интеллект, бизнести, билим берүүнү жана шаардык инфраструктураны санариптештирүү жаатындагы акыркы тенденциялар менен таанышышат. Студенттердин форумга катышуусу санариптик компетенцияларды, кесиптик көз карашты өнүктүрүүгө жана башкаруу, бизнес, туризм тармактарындагы санариптик трансформациянын реалдуу процесстерин түшүнүүгө багытталган.




