Жаңылыктар жана окуялар

03.06.2025

Адам университетинин кызматкерлери илимий басылмалар жана QS рейтинги боюнча тренингге катышууда

Бүгүн Адам университетинин өкүлдөрү КР Билим берүү жана илим министрлигинин илимий стратегияга, Scopus басылмаларына жана ЖОЖдорду QS рейтингинде илгерилетүүгө арналган семинарына катышууда.
Тренингдин жүрүшүндө макалаларды даярдоонун эл аралык стандарттары үйрөнүлөт, академиялык кадыр-баркты жогорулатуу стратегияларын талкууланат.
Иш-чара өлкөнүн ЖОЖдорунун окутуучуларынын илимий-басылмалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана алардын эл аралык билим берүү рейтингдерин бекемдөөгө багытталган. Адам университети Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы академиялык жана илимий чөйрөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн мындай маанилүү иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылыгын билдирет.