27.03.2026
Адам Университетинин «Экономика» багыты боюнча Э-1-24 тайпасынын 2-курсунун студенттери Жылдызбек кызы Медина, Курманалиева Эльвира жана Тулебекова Каухар Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жогорку экономика
Адам Университетинин «Экономика» багыты боюнча Э-1-24 тайпасынын 2-курсунун студенттери Жылдызбек кызы Медина, Курманалиева Эльвира жана Тулебекова Каухар Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жогорку экономика мектеби тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадага катышышты.
Олимпиаданын максаты — экономика адистигинде окуган студенттердин кесиптик даярдык деңгээлин аныктоо, ошондой эле экономикалык дисциплиналарды терең үйрөнүүгө жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө кызыктыруу болуп саналат. Олимпиаданын тапшырмалары базалык экономикалык дисциплиналарды (микроэкономика, макроэкономика) камтыды. Биздин кыздар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, сертификаттар жана эстелик белектер менен сыйланышты.