10.10.2025
«Экономика, Менеджмент жана Туризм» программасынын 4-курсунун студенттери 10-11-октябрда өткөн жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган кросс-дебат форматы (КДФ) боюнча эки күндүк тренингге активдүү катышышты
«Экономика, Менеджмент жана Туризм» программасынын 4-курсунун студенттери 10-11-октябрда өткөн жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган кросс-дебат форматы (КДФ) боюнча эки күндүк тренингге активдүү катышышты. Программанын окутуучусу Шаршеева Асель Нуралыевнанын жетекчилиги астында студенттер жогорку деңгээлдеги командалык рухту жана критикалык ой жүгүртүүнү көрсөтүштү.
• Команданын курамында катышкандар:
o Мырзагул кызы Сезим (Э-1-22 тобу)
o Юнусмухамедова Лейла (Э-1-22 тобу)
o Данияр уулу Нурадин (Э-1-22 тобу)
o Болотбекова Уултай (Э-1-22 тобу)
o Нусубалиев Бексултан (УБ-3-22 тобу)
Студенттер Кыргыз экономикалык университетинде (КЭУ) өткөн турнирде өздөрүнүн университетин татыктуу көрсөтүшүп, экинчи ардактуу орунду ээлешти. Мырзагул кызы Сезимди калыстар тобу Спикердин ролундагы өзгөчө аткаруусу үчүн өзүнчө белгилеп кеткени өзгөчө баса белгилей кетүүчү жагдай.
Активдүү катышкандыгы үчүн катышуучулар сертификаттарды жана баалуу белектерди алышты. Студенттерибизди татыктуу ийгиликтери менен куттуктайбыз! Шыктануу, жаңы билимдерди жана мындан аркы жеңиштерди каалайбыз!
