Жаңылыктар жана окуялар

05.06.2023

2023-жылы 3-июнда Адам Университетинин 1-курсунун «Дарыгерлик иш»  адистигинин студенттери «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде болушту.

Иш-чара  кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Бул иш -чаранын максаты: студенттерди өз мекенин сүйүүгө, өткөндөгү даңазалуу адамдар менен сыймыктана жүрүүсүнө, патриоттуулукка тарбиялоо. Студенттер кандуу сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик, партиялык, коомдук ишмерлердин ак ниет эмгектери, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандар тууралуу маалымат алышты.  
Студенттер Ч. Т.Айтматовдун эстелигене гүл коюшуп, 2010-жылы 7-апрелде эркиндик жана демократия үчүн курман болгон баатырларды эскеришти. 
Бул иш-чара Гуманитардык дисциплиналар департаментинин жетекчиси, доцент Абдыкадырова М.Б. жана ага окутуучу Кубатбекова Ш.К. тарабынан уюштурулду.