16.04.2025
Talking Club: экология жана медицина англис тилинде
2025-жылдын 16-апрелинде ЛД-8-24 группасынын студенттери (жалпы медицина адистиги) ГДД окутуучусу Сарымсакова Айгүл алып баруусунда “Айлана-чөйрөнү коргоо: абанын, суунун жана топурактын булганышы” деген темадагы сүйлөшүү клубуна катышты.
Курчап турган чөйрөнү коргоо медициналык этиканын жана кесиптик жоопкерчиликтин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Болочок дарыгерлер глобалдык экологиялык коркунучтарды жана аларды чечүү жолдорун талкуулап, тема боюнча сөз байлыгын кеңейтип, англис тилинде баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.
Talking Club программасы мини-репортаждарды, талкууларды, эсселерди жана экологиялык лексиканы камтыйт.
Talking Clubдын жигердүү катышуучулары кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Адам университетинде студенттерди дүйнөлүк кесиптик чөйрөгө даярдоо максатында англис тили бардык курстарга, анын ичинде медицина адистигинде интеграцияланган.



