Жаңылыктар жана окуялар

20.06.2024

Адам университети "Билим Стандарт" көз карандысыз аккредитация агенттигинин коомдук фонду тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Адам университети "Билим Стандарт" көз карандысыз аккредитация агенттигинин коомдук фонду тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Биз университетибиздин алдыңкы көз карандысыз аккредитациялык “Билим  Стандарт” агенттиги тарабынан аккредитациядан өткөндүгүн сыймыктануу менен билдиребиз.
Бул маанилүү окуя биздин окуу жайыбыздагы билим сапаты эң жогорку стандарттарга жооп берерин тастыктап турат.
  “Билим  Стандарт” коомдук фонду тарабынан аккредитациялоо университетибиздин таанылышы, окуу процессинин сапатына, академиялык ак ниеттүүлүгүнө жана профессордук-окутуучулук курамынын кесипкөйлүгүнө берилгендигибизди тастыктайт.
   Университеттин бардык студенттерине, окутуучуларына жана кызматкерлерине өз ишине 
берилгендиги жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз!
    Коомчулугубуздун колдоосу менен  биз студенттерибизге сапаттуу билим берүү  жана өнүгүү үчүн жаңы бийиктиктерге умтулуп жатабыз.