Жаңылыктар жана окуялар

22.06.2024

Адам университети ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерди бириктирген эл аралык окуу платформа болуп саналат

Университет студенттерге баалуу билим жана көндүмдөрдү берет жана дүйнөнүн бардык
өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын ортосундагы маданий алмашууну камсыз кылат.
2024-жылдын 19-июнунда Пакистандын Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам дипломатиялык мамилелерди чыңдоо жана пакистандык студенттер үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу жана  түшүнүү максатында Адам университетинде болду.
Негиздөөчүсү Сарвар Али Гулам Мужтаба,  университеттин ректору Сирмбард С.Р., проректорлор, кафедра башчылары жана чет элдик студенттер менен жолугушуу ийгиликтүү өттү. Иш сапардын жүрүшүндө университет, анын билим берүүдөгү жетишкендиктери жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкунчүлүктөр жана шарттар тууралуу кеңири маалымат берилди.
    Элчилик университетке жана студенттерге түрдүү маселелерде колдоо көрсөтүүгө  дайыма даяр  экендигин билдирди.
Адам университети маданияттар аралык алмашууну жана толеранттуулукту өнүктүрүүгө ар кайсы өлкөлөрдөн студенттерди тартууну улантат деп ишенебиз.