Жаңылыктар жана окуялар

16.03.2026

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ҮНҮ

Баарыңыздарды Адам университетинин бүтүрүүчүсү Рубцова Виолета Вадимовна менен өтө турган онлайн-подкастка чакырабыз!
Түз маек түрүндө ал өзүнүн студенттик тажрыйбасы, окууну аяктагандан кийинки жолу, кесиптик өнүгүүсү жана карьерада өз ордун кантип тапканы тууралуу айтып берет.
Маекти алып баруучу: Адам университетинин «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, доцент — Абыкеева Мээрим Абдылдабековна.
Бул бүтүрүүчүлөрдүн чыныгы тажрыйбасы менен таанышууга, суроолорду берүүгө жана келечегиңиз үчүн дем-күч алууга сонун мүмкүнчүлүк!
•    Күнү: 17.03.2026
•    Убактысы: 15:00
•    Форматы: ZOOM
Каттоо профилдин башкы бетиндеги шилтеме аркылуу жүрөт.