20.02.2025
Адам университетинде медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу азем болуп өттү
Бул азем университеттин жана анын бүтүрүүчүлөрүнүн жашоосундагы маанилүү окуя болду. Бүгүн, 20-февралда майрамдык маанай өкүм сүрүп, ыраазычылык жана сыймыктануу сөздөр, кубанычтар окууну ийгиликтүү аяктап, жаңы кесиптик жашоого кадам таштаган студенттерди коштоду.
Университеттин жетекчилиги жана окутуучулар бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын жогорку деңгээлин, алардын жигердүүлүгүн, жоопкерчилигин жана кесиптик өсүүгө умтулуусун белгилешти. «Адам» университетинин ар бир бүтүрүүчүсү жөн гана келечектеги дарыгер эмес, Кыргызстандын жана анын чегинен тышкары саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон медициналык адистердин жаңы толкунунун өкүлү экендиги баса белгиленди.
Окуудагы ийгиликтери жана активдүү жашоо позициясы менен айырмаланган студенттерге "Focused Review of Special Surgical Disciplines" окуу китептерин тапшыруу салтанаттын өзгөчө учуру болду. Бул окуу китеби "Адам" университетинин хирургиялык дисциплиналар департаментинин башчысы, доктор Конокбай Мурасбек тарабынан даярдалган.
Окуу китеби заманбап хирургиянын негизги - урология, травматология, офтальмология, оториноларингология, нейрохирургия, анестезиология жана трансплантология багыттарын камтыйт жана студенттер менен жаш адистер үчүн ишенимдүү колдонмо болот.
“Адам” университети өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат жана профессордук-окутуучулук курамга талыкпаган эмгеги жана медициналык билим берүүгө берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет.
Бул бүтүрүү жаңы жетишкендиктердин, кесиптик жеңиштердин жана шыктандыруучу ачылыштардын башталышы болсун!