11.12.2024
Айтматов ааламы.
2024- жылдын 10-декабрында Адам университетинде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, биз сыймыктанган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты: Студенттердин жазуучунун чыгармачылыгы жана инсандыгы тууралуу билимдерин тереңдетүү, анын чыгармачылыгынын бийик атуулдугун жана кош тилдүүлүктү көрсөтүү. Мекенибиз Кыргызстанга , туулган жерге болгон сүйүү сезимин тарбиялоо.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында студенттерге куттуктоо сөзү менен гуманитардык дисциплиналар департаментинин башчысы Абдыкадырова М.Б кайрылды. Чыңгыз Айтматов өз чыгармачылыгын улуттук адабияттын чегинен чыгып, дүйнөлүк мураска айландыра алган таанылган гений. Айтматов трагедиялуу жагдайларды чагылдырууда да оптимист бойдон кала берет – ал доордун кандай гана сыноолорунда болбосун туура багыт таба турган жашоого ишенет деп белгилеп кетти.
“Дарылоо иши ” адистигинин жана “Экономика”, “Туризм”, “Менеджмент”, “ИСT” жана “Бизнести башкаруу” багыттарынын студенттери иш-чарага жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу презентацияларды даярдашты, анын өмүр баянынан кызыктуу маалыматтарды , белгилүү чыгармаларынан адам жан дүйнөсүнүн сулуулугу жөнүндө үзүндүлөрдү окуп беришти.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чарага Э-1-24, УБ-3-24, ЛД-6-24,ЛД-7-24, ЛД-8-24 студенттери жана 2-курстун Э-1-23, УБ-5-23 группаларынын студенттери активдүү катышышты.
ГДД