Ийгиликтин тарыхы

Мустафа Имран
Жогорку Медицина мектебинин 4-курсунун студенти.
Мустафа Имран 2023-жылдагы "Startups Students"  сынагынын жеңүүчүсү болуп, биринчи орунду ээлеп, персоналдык компьютерге ээ болду. Быйыл сынак студенттердин арасында чоң кызыгууну жаратып, Кыргызстандын бардык аймактарынан 90 арыз түштү. Катуу таймаштан кийин финалга11 гана долбоор өтүп, алар ар түрдүү тармактардагы инновациялык идеялардын кеңири спектрин көрсөтүштү.
Мустафа Имран катышуучулардын арасында «Өнөкөт жүрөк жетишсиздигин эрте диагностикалоодо санариптик технологияларды колдонуу, анын прогрессиясын алдын алуу үчүн» долбоору менен өзгөчөлөнүп, кызыктуу презентация  менен коштолуп,чыгармачылык менен гана чектелбестен,  өзүңүздүн  идеяңызды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн потенциалын да көрсөтүү.
"Startups Students" Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги    – Кыргызпатент тарабынан уюштурулду.