15.04.2024
2024-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинде Республиканын жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тил боюнча VI олимпиада болуп өттү.
Олимпиадага Адам Университетинин студенттери катышып, GM-13-20 тайпасынын студенти Mehmood Ahmad «Көркөм окуу» номинациясы боюнча II орунду ээлеп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
ЛД-7-23 тайпасынын студенти Арыкова Тинатинге (жетекчиси Кудайбердиева А.) «Эне тилим – байлыгым» долбоорун чыгармачылык менен даярдагандыгы үчүн Ардак грамота ыйгарылды.
Студенттерди куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди каалайбыз!
![](/media/gallery/2024/04/19/437535292_18304866307195300_4802982003267091633_n.jpg)
![](/media/gallery/2024/04/19/438087443_18304866310195300_4989090173987521553_n.jpg)
![](/media/gallery/2024/04/19/437724654_18304866313195300_625347622587511546_n.jpg)
![](/media/gallery/2024/04/19/437654085_18304866298195300_1438863016683543788_n.jpg)