Жаңылыктар жана окуялар

15.04.2024

2024-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинде Республиканын жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тил боюнча VI олимпиада болуп өттү.

Олимпиадага Адам  Университетинин студенттери катышып, GM-13-20 тайпасынын студенти  Mehmood Ahmad «Көркөм окуу» номинациясы боюнча II орунду ээлеп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

ЛД-7-23 тайпасынын студенти Арыкова Тинатинге (жетекчиси Кудайбердиева А.) «Эне тилим – байлыгым» долбоорун чыгармачылык менен даярдагандыгы үчүн Ардак грамота ыйгарылды.

Студенттерди куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди каалайбыз!