Жаңылыктар жана окуялар

11.11.2026

Биринчи курстун студенттери «Акыркы кат» спектаклин көрүштү

2026-жылдын 11-ноябрында Адам университетинин биринчи курсунун студенттери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барышып, көрүнүктүү советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун өмүрү жана тагдыры тууралуу баяндаган «Акыркы кат» спектаклин көрүштү. Коюлган драма көрүүчүлөрдү тарыхый окуялар, кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу барактар жана Төрөкул Айтматовдун тагдыры менен тааныштырды. Спектакль студенттерге терең таасир калтырып, аларды тарыхый эс тутум, эрдик, адамдык кадыр-барк жана элдин руханий мурасын сактоо жөнүндө ойлонууга үндөдү. 
Театрга баруу жаштарды патриоттук жана руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоого, студенттерди улуттук тарых жана маданият менен тааныштырууга багытталган маанилүү маданий-агартуу иш-чарасы болду.
 Маалыматтык технологиялар жана жалпы билим берүү дисциплиналары программасы