Жаңылыктар жана окуялар

06.11.2026

Заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчү аталар

2026 жылдын 6 ноябрында  Адам университетинде “Заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчү аталар” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

 

Тегерек столдун максаттары жана милдеттери:

- студенттерди азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө тарыхый роль ойногон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү — А. Сыдыков, И. Айдарбеков, Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков жана И. Арабаевдин  өмүр жолу жана саясий ишмердүүлүгү менен тааныштыруу; ошондой эле студенттердин арасында патриоттуулук сезимин жана Мекенге болгон сүйүүнү калыптандыруу.

     Тегерек столдун жүрүшүндө төмөнкүдөй баяндамалар жасалды:

- «Кыргызстандын 1862-жылдан 1917-жылга чейинки тарыхы»

- «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 102 жыл»

- «Заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү»

- «Ленин жана анын Кыргызстандын түзүлүшүндөгү тарыхый ролу»

 - Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү:

  Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков жана Жусуп Абдрахманов.

    Тегерек столдогу баяндамаларда каралган негизги маселелер:

-Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыгы талкууланды.

 - Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүн майрамдоо жашообуздагы маанилүү окуяга айланып, маданий мурасты сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттук өзгөчөлүктү жана жарандык аң-сезимди бекемдөө  тууралуу докладдарда белгиленди.

 - Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын ыйык милдети - заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн элесин ардактоо болуп саналат.

   “Экономика”, “ Бизнести башкаруу”, “Менеджмент” жана “Маалымат системалары жана технологиялары” багыттарындагы биринчи жана экинчи курстун студенттери тегерек стол талкуусуна активдүү катышышты.

Тегерек стол «Маалымат технологиялары жана жалпы билим берүү дисциплиналары» программасы тарабынан уюштурулду.

 

      «Маалымат технологиялары жана жалпы билим берүү дисциплиналары» программасы