Жаңылыктар жана окуялар

01.06.2026

30 мая 2026 года студенты 1 курса Университета Адам под руководством доцента Программы информационных технологий и общеобразовательных дисциплин М.Б. Абдыкадыровой и старшего преподавателя Ш.К. Кубатбековой

2026-жылдын 30-майында Адам университетинин 1-курсунун студенттери Маалыматтык технологиялар жана жалпы билим берүү дисциплиналары программасынын доценти М.Б. Абдыкадырова жана ага окутуучу Ш.К. Кубатбекованын жетекчилиги астында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келишти.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» доктринасында белгиленген улуттук баалуулуктарды жана идеологияны жайылтуу, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, улуттук аң-сезимди калыптандыруу, тарыхый эс тутумду сактоо жана ата-бабалардын эрдигин урматтоого үндөө болду.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин тарыхындагы оор жана тагдыр чечүүчү окуялар, сталиндик репрессиялардын курмандыктары, мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын өмүр жолу жана алардын эл үчүн жасаган эмгектери тууралуу кеңири маалымат алышты.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана анын адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган чыгармалары тууралуу маалымат берилди. 
     «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси тарых менен бүгүнкү муунду байланыштырган ыйык жай катары өзгөчө тарбиялык мааниге ээ. Комплекске болгон сапар студенттердин тарыхый мурастарга болгон урмат-сыйын арттырып, элдин биримдигин, улуттук рухун жана мекенге болгон сүйүүсүн бекемдейт.