Жаңылыктар жана окуялар

12.12.2023

2023-жылдын 11-декабрында “Экономика, менеджмент жана туризм” программасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү менен “Банктык эмес секторду жөнгө салуу” темасында конок лекциясын уюштурду.

Спикерлер: Капаркул уулу Улан - банктык эмес уюмдарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, Рыскулова Перизат - банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга көзөмөл бөлүмүнүн башчысы.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү борбордук банктык эмес секторду жөнгө салуу жаатындагы иш-аракеттеринин маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Студенттерибиз активдүү болуп, кызыктуу суроолорун берип, өз ой-пикирлерин айтышты. Эң активдүү катышуучулар белектер менен сыйланышты. Билим жана тажрыйба алмашуу - бул окуунун маанилүүбөлүгу, биз бардыгына катышкандыгы жана активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдиребиз!