Жаңылыктар жана окуялар

22.10.2026

СТУДЕНТТЕРДИН НАЗАРЫНА!

Адам Университети Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин 35 жылдыгына карата орус жана кыргыз тилдеринде «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине – 35 жыл» деген темада презентация-баяндамалардын конкурсун жарыялайт!
2026-жылы КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы белгиленет! Студенттерди сынакка катышууга, өз билимин, чыгармачылык жөндөмүн жана чечендик өнөрүн көрсөтүүгө чакырабыз.
Сунушталган темалар:
* КМШнын түзүлүү жана өнүгүү тарыхы
* Шериктештик өлкөлөрүнүн 35 жылдык кызматташтыгы
* Кыргызстан жана КМШ: жетишкендиктер жана келечеги
* Билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтык
* Жаштар жана КМШнын келечеги
Өзүңдү көрсөт, идеяларың менен бөлүш жана конкурстун бир бөлүгү бол!
* Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 29-октябры
* Өтүнмөлөрдү кабыл алуу: 2026-жылдын 28-октябрына чейин
* Кененирээк маалымат: 310-аудитория
Өз билимиңди жана чыгармачылык потенциалыңды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербе!