Жаңылыктар жана окуялар

23.09.2023

23- сентябрь - Мамлекеттик тил күнү.

  
  2023-жылдын 29 сентябрында Адам университетинде  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 34  жылдыгына карата  арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.  
 Иш-чаранын  максаттары: 
  -Мекен алдындагы жоопкерчилигин арттыруу. Атуулдук сезимдерин ойготуу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;
 - Студенттердин ар түрдүү шык-жөндөмдөрүн өстүрүү, өз оюн эркин айтууга үйрөтүү.
     Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу менен башталды. Университеттин окуу-тарбия иштери боюнча проректору А.А.Жамангулов өзүнүн куттуктоо сөзүндө окутуучуларды жана студенттерди майрамыбыз менен куттуктап, аларга окууда ийгиликтерди каалады.  Окуу жайыбыздын 1 жана 2 курстун студенттери  Мамлекеттик тил майрамына кызыктуу презентацияларын, музыкалык номерлерин тартуулашты, тил тууралуу айтылган накыл кептер, макалдар, учкул сөздөрдү даярдап  жана   белгилүү  кыргыз акындарынын   чыгармаларынан эне тил жөнүндө ырларын көркөм окуп беришти.  
     Майрамдык  иш-чарага университеттин окуу-тарбия иштери боюнча проректору А.А.Жамангулов, “ Экономика, менеджмент жана    туризм” программасынын  окутуучулары Аманбаева Ч, Шаршеева А.Н,  Э-1-23, Т-4-23, УБ-3-23, М-2-23  группаларынын куратору жана ДФД департаментинин ага окутуучусуВаршакидзе А.Н. катышышты. 
  Иш-чара ДГД окутуучуларынын жана 1-2 курстун студенттеринин күчтөрү                
  менен өткөрүлдү.
                                                      ДГД ага окутуучусу Кубатбекова Ш.К.
                                                                                         Кудайбердиева А.