Жаңылыктар жана окуялар

02.12.2023

30- ноябрда XI Эл аралык “Евразиялык экономикалык перспектива” форуму аяктады.

Форумдун акыркы күнү  бир катар  мастер- класстар  жана  топтук иштер өткөрүлдү.  

Адам университетинин өкүлдөрү мейманкана линиясынын персоналын окутууда санариптик микромодулдарды колдонуу  жөнүндө айтып беришти. Катышуучулар маалыматты иштетүү платформалары жана заманбап нейрон тармактары сыяктуу микроресурстарды жана аларды түзүү үчүн  инструменттерди колдонуу  идеясына кызыгышты.  

Форумдун катышуучулары топтордо активдүү иштешип, башка университеттердеги жана уюмдардагы кесиптештери менен тажрыйба жана көндүмдөрү  менен алмашып, кесиптик билимдерин кеңейтүүгө өбөлгө түзүштү.