Жаңылыктар жана окуялар

09.04.2024

2024-жылдын 6-апрелинде Адам университетинин студенттери жана окутуучулары “Табиятты сактайлы” республикалык комплекстүү иш-чарасына кызуу катышышты.

Иш-чара университеттин студенттери жана кызматкерлери арасында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле жасоо, тазалыкты сактоо жана жаратылышты коргоо көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында  уюштурулду.

Акциянын алкагында университеттин аймагына жана Э.Гареев атындагы КР УИАнын Ботаникалык багына бак-дарактарды отургузуу уюштурулду. Ботаникалык бактын аймагы да тазаланып, жашылдандырылды.